Кыргыз Республикасынын президенти К.С.Бакиевдин Жарлыгы менен Кыргызпатентке “KG” улуттук домендик аймагын башкаруу милдети өткөрүлүп берилди

Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы
Улуттук домендик аталыштар системасынын иштешин уюштуруу жөнүндө

Өлкөнүн кодун билдирген «KG» жогорку деңгээлдеги домени улуттук ресурс болуп саналгандыгын эске алып жана улуттук домендик аталыштардын системасынын иштешин уюштуруу максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы «KG» домендик аталышын тескеген орган болуп санала тургандыгы максатка ылайыктуу деп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнvynn белгиленген тартипте:
- «KG» жогорку деңгээлдеги домендик аталышты тескөөнү өткөрүп берүү боюнча иш-чаралардын планын даярдасын;
- ушул Жарлыктан келип чыккан ченемдик укуктук актылардын тийиштүү долбоорлорун иштеп чыксын жана киргизсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономиялык жана социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К. Бакиев
Бишкек шары, Өкмөт Үйү
2009-жылдын 7-апрели
ПЖ №192