«Кыргызпатент» жана «Азияинфо» kg жогорку деңгээлдеги домендик аталыштарды башкарууга ыйгарым укуктарды кайра өкүлдөө маселесинде өз-ара толук түшүнүшүүгө жетишти
«Кыргызпатент» жана жеке компания kg жогорку деңгээлдеги домендик аталыштарды башкарууга ыйгарым укуктарды кайра өкүлдөө маселесинде өз-ара толук түшүнүшүүгө жетишти. Бул туурасында бүгүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы кабарлады. «Кыргызпатент», kg жогорку деңгээлдеги домендик аталыштарды (ccTLD kg) башкарууга ыйгарым укуктарды кайра өкүлдөө маселелери боюнча, ведомство менен «Азияинфо» компаниясынын ортосунда толук макулдашууга жетишилгендиги жөнүндө кабарлайт. Расмий каттык – кабарлоосунда «Азияинфонун» жетекчилиги 2009-жылдын 7-апрелиндеги «Улуттук домендик аймакты башкаруу жөнүндө» Президенттин Жарлыгына ылайык, ccTLD «kg»ни башкаруу укугун «Кыргызпатентке» өткөрүп берүүгө өзүнүн даяр экендигин ырастайт. Ведомствонун маалыматтары боюнча «АзияИнфо» Аталыштарды жана номерлерди берүү боюнча эл аралык корпорация – ICANNдын дарегине кабарлоо жөнөткөндүгүн ырастады. Эскерте кетсек, Президенттин Жарлыгына кол коюлгандан кийин «Кыргызпатент» менен жеке компаниянын ортосунда олуттуу талаш-тартыштар тутанган болучу. Тараптар бири-бирин бардык мүмкүн болгон мыйзам бузууларда күнөөлөшкөн. Бир жарым ай өткөндөн кийин каршылашуулар токтоду деп эсептөөгө болот. http://www.24.kg/community/2009/05/25/113990.html?print=yes —- «KG» (ccTLD “KG”) жогорку деңгээлдеги домендик аталыштарды башкарууга ыйгарым укуктарды кайра өкүлдөө маселеси боюнча Кыргызпатент менен «Азияинфо» компаниясынын ортосунда макул болушууга жетишилди. «Кыргызпатентке жөнөтүлгөн 2009-жылдын 23-майындагы расмий каттык – кабарлоосунда «Азияинфонун» жетекчилиги «Улуттук домендик аймакты башкаруу жөнүндө» Президенттин Жарлыгына ылайык, ccTLD «KG»ни башкаруу укугун Кыргызпатентке өткөрүп берүүгө өзүнүн даяр экендигин ырастайт»,- деп көрсөтүлөт ведомствонун кабарлоосунда. «Азияинфо» ошондой эле Аталыштарды жана номерлерди берүү боюнча эл аралык корпорация – ICANNдын дарегине ушундай эле кабарлоону жөнөткөндүгүн ырастады. МА AKIpress http://business.akipress.org/news:16441
- Жорум кошуу үчүн авторизациядан же каттоодон өтүңүз.




Справочник магазины минска -
Справочник магазины минска - каталог магазинов с адресами и телефонами, последние новости беларуси, интернет-магазин КПК, карманные компьютеры, коммуникаторы, смартфоны в Минске.