«Улуттук домен наамдары системасынын иштешин уюштуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгын ишке ашыруу тууралуу токтом

2009-жылдын 29 июлунда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Игорь Чудинов «Улуттук домен наамдары системасынын иштешин уюштуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу токтомго кол койду.
2009-жылдын 7-апрелиндеги «Улуттук домендик аталыштардын системасынын иштешин уюштуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматына караштуу «KG» домендик аймагын башкаруу борбору түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын борбордук аппаратынын штаттык санын кыскартуунун эсебинен саны 11 кишиден турган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматына караштуу «KG» домендик аймагын башкаруу борборунун кызматкерлеринин штаттык саны аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматына караштуу «KG» домендик аймагын башкаруу борборун каржылоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17 августундагы № 340 «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын маселелери» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- 1-пункттун биринчи абзацындагы «интеллектуалдык менчикти коргоо жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясат» деген сөздөрдөн кийин «, ошондой эле биринчи деңгээлдеги ишке ашырат» деген сөздөр менен толукталсын; менен толукталсын:
«- «KG» домендик аталышын башкаруу»
5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«- «KG» домендик аймагында каттоодон өткөрүлгөн домендик аталыштарды тейлөө»;
- 6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«-« KG» улуттук домендик аймагында каттоо жана тейлөө боюнча субподряддуу келишимдерди түзүү.
5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы эки ай мөөнөттүн ичинде:
- «KG» домендик аймагын башкаруу борбору жөнүндө жобонун долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин;
- Ушул токтомго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурун кабыл алган чечимдерин ылайык келтирүү боюнча сунуштар киргизилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.