Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик Мамлекеттик кызматына караштуу «KG» домендик аймагын башкаруу борбору жөнүндө Жобо
Кабыл алынган редакция I. Жалпы жоболор II. Борбордун негизги милдеттери III. Борбордун негизги функциялары IV. Борбордун укуктары жана милдеттенмелери IV. Ишмердүүлүктү уюштуруу VI. Борбордун мүлкү жана каражаттары VII. Борборду кайра өзгөртүп түзүү же жоюу I. Жалпы жоболор 1.1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик Мамлекеттик кызматына караштуу «KG» домендик аймагын башкаруу борборунун (мындан ары –Борбор) ишмердүүлүгүнүн укуктук жана уюштуруучу негиздерин аныктайт. 1.2. Борбор Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 7-апрелиндеги “Улуттук домендик аталыштар системасынын иштешин уюштуруу жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-июлундагы № 483 – токтомуна ылыйык Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик Мамлекеттик кызматынын алдында түзүлдү. 1.3 Борбор өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик жана укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы мүчө болуп эсептелген, белгиленген мыйзам тартибинде күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат. Борбордун уюштуруу-укуктук формасы – мекеме. 1.4. Борбор ыкчам башкаруу укугунда түзүлгөн юридикалык жак болуп эсептелинет, банк мекемелеринде улуттук жана чет өлкөнүн валютасы менен алыш-бериш эсеби, ошондой эле Борбордун ишмердүүлүгү үчүн зарыл болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү, фирмалык бланктары, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы менен штампы бар. 1.5. Борбордун мамлекеттик тилде аталышы: Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик Мамлекеттик кызматына караштуу «KG» домендик аймакты башкаруу борбору. Борбордун расмий тилде аталышы: Центр администрирования доменной зоны «KG» при Государственной службе интеллектуальной собственности Кыргызской Республики. 1.6. Борбордун юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, 720021, Бишкек шаары, Свердлов району, Москва көчөсү 62. II. Борбордун негизги милдеттери Борбордун ишмердүүлүгүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелинет: - эл аралык координациялоочу уюм - Домендик аталыштарды ыйгаруу боюнча Интернет корпорациясынын (ICANN) талаптарынына ылайык «КG» домендик аймагын башкарууну жүзөгө ашыруу; - Кыргыз Республикасында Интернет тармагын пайдаланууну кеңейтүү; - «KG» домендин иштешин эл аралык стандартка ылайык келишин кармап туруу; - домендик аталыштарды каттоонун сапатын жана жеткиликтүү тейлөө кызматын көрсөтүүнү камсыздоо; - домендик аталыштарды каттоонун жана кармап туруунун ишенимдүү системасын камсыздоо; - домендик аталыштарды каттоо жаатында адистерди даярдоо; - домендик аталыштарды каттоо жаатында атаандаштык чөйрөсүн түзүгө өбөлгө түзүү. III. Борбордун негизги функциялары (иш-милдеттери) Ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык, Борбор төмөнкүдөй иш-милдеттерди ишке ашырат: - «KG» домендик аймагын башкарууну жүзөгө ашыруу ; - «KG» домендик аймагында домендик аталыштарды каттоонун жана кармап туруунун технологиялык схемасын аныктоо; - «KG» домендик аймагынын Реестрин түзүү жана дайыма жаңылап туруу; - «KG» домендик аймагында катталган домендик аталыштарды тейлөө; - негизги сервердин ишенимдүү иштешин, DNS базасын жаңыртууну камсыздоо; - «KG» домендик аймагында домендик аталыштарды каттоо боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу; - «KG» домендик аймагынын иштешин камсыздоо үчүн зарыл болгон иштерди аткаруу жана тейлөө кызматын көрсөтүү жөнүндө уюмдар менен келишимдерди түзүү; - домендик аталыштардын системасынын иштелишин уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүү; - домендик аймактардын иштешинин маселелери боюнча эл аралык кызматташуу жүргүзүү; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүнү ишке ашыруу; - ишке профилдүү эл аралык өкмөттүк эмес уюмдардын катышуусу; - «KG» домендик аймагынын иштешин камсыздоо кылуу үчүн адистерди окутуу; - Борбордун максаттарына жана милдеттерине каршы келбеген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган ишмердүүлүктүн башка түрлөрүн жүргүзүү. IV. Борбордун укуктары жана милдеттенмелери 4.1 Борбор өз иш-милдеттерин аткаруу үчүн төмөнкүдөй укугу бар: - үчүнчү тарап менен «KG» домендик аймагында домендик аталыштарды каттоо боюнча субподряддык келишимдерди түзүүгө; - үчүнчү тарап менен «KG» домендик аймагында домендик аталыштарды тейлөө боюнча субподряддык келишимдерди түзүүгө; - үчүнчү тарап менен «KG» домендик аймагын башкаруу милдетин аткарууга техникалык жактан камсыздоо боюнча домендик аталыштарды тейлөө боюнча субподряддык келишимдерди түзүүгө; 4.2. Борбор төмөндөгүлөргө милдеттүү: - «KG» домендик аймагын камсыз кылуу; - Борбордун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга багытталган чараларды кабыл алуу; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо. V. Ишмердүүлүктү уюштуруу 5.1. Борбордун ишмердүүлүгүн жетектөөнү Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы жүзөгө ашырат. Борбордун түзүмүн бекитүү, штаттык жерүртмөсүн, кызматкерлерге кызмат акыны төлөө шарттарын Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик Мамлекеттик кызматынын директору тарабынан ишке ашырылат. 5.2. Борбордун жогорку органы болуп – Координациялык Кеңеш (мындан ары –Кеңеш) эсептелинет. 5.3. Кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы тарабынан бекитилет. 5.4. Кеңештин отуруму жылына бирден кем эмес жолу өткөрүлөт. 5.5. Кеңештин ишмердүүлүгүн Кеңештин төрагасы (мындан ары – Төрага) ишке ашырат. Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын төрагасы бир эле учурда Төрагасы болуп эсептелет. Кеңештин төрагасы жок болгон учурда, анын милдетин анын орунбасары аткарат. 5.6. Төрага Кеңештин отурумдарын өткөрүүнү уюштурат жана Кеңеш кабыл алган чечимдердин аткарылышын контролдойт. 5.7. Кеңештин отуруму Кеңештин курамынын санынын жарымынан көбү болгондо ыйгарым укуктуу болот. 5.8. Чечим ачык добуш берүү аркылуу Кеңештин мүчөлөрүнүн отурумуна катышкандардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болгон учурда, Төраганын добушу чечүүчү болуп эсептелинет. 5.9. Ар бир каралуучу маселе боюнча чечим кабыл алууда Кеңештин кайсы мүчөсү болбосун өзгөчө пикирин билдирет, аны Кеңештин отурумунун протоколуна киргизишет. 5.10. Кеңештин компетенциясына төмөнкүлөр кирет: - Борбордун ишмердүүлүгүнүн, анын мүлкүн пайдалануунун артыкчылыктуу багыттарын аныктоо; - Борбордун ишмердүүлүк предметине байланыштуу маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун кароо; * Борбордун финансылык планын бекитүү жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү; * Борбордун финансылык планын аткаруу жөнүндө отчетту кошуп, жылдык отчетун бекитүү; - башка уюмдарда катышуу тууралуу чечимдерди кабыл алуу. 5.11. Борбордун директору (мындан ары – Директор) Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат. 5.12. Директордун компетенциясына Борбордун күндөлүк оперативдүү-чарбалык ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер кирет: - Борбордун ишмердүүлүгүн уюштуруу жана ишине жетекчилик кылуу; * Кеңештин чечимдерин аткарууну камсыздоо; * Кеңешке Борбордун финансылык планын аткаруу жөнүндө отчетун кошуп, Борбордун ишмердүүлүгү жөнүндө жылдык отчётторду берүү; - Кеңешке Борбордун финансылык планынын долбоорун берүү; * Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө кайсы болбосун юридикалык жана жеке жактарга карата Борборду көрсөтүү; * Борбордун ички тартибинин эрежелерин бекитүү; - штаттык тизимге жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Борбордун кызматкерлерин кабыл алуу, дайындоо, которуу жана бошотуу; - финансылык планга ылайык Борбордун мүлкүн, анын ичинде акча каражаттарын башкаруу; * ишенимкат берүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында караштырылган алыш-бериш жана башка эсептерди ачуу; * Борбордун атынан келишимдерди түзүү жана Кеңеш тарабынан белгиленген тартипте жана шартта Борбордун ишмердүүлүгүнө байланыштуу башка бүтүмдөрдү ишке ашыруу; - Борбордун ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер боюнча ченемдик документтердин долбоорлорун даярдоо боюнча иш уюштуруу; - бул Жободон же колдонулуп жаткан мыйзамдарга ылайык уюмдун жетекчисине жүктөлгөн милдеттерден келип чыккан башка иштерди аткаруу; 5.13. Директор Борборго жүктөлгөн максаттарды жана милдеттерди аткаруу үчүн жеке жоопкерчиликке ээ. 5.14. Директор жок болгон учурда, анын милдеттерин аткаруу жогорку органдын чечимине ылайык Борбордун кызматкерине жүктөлөт. VI. Борбордун мүлкү жана каражаттары 6.1. Борбордун карамагында болгон мүлк ага оперативдүү башкаруу укугунда таандык болот. 6.2. Борбордун каржылоо булактары төмөнкүлөр болуп эсептелинет: * Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын каражаттары; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка түшүүлөр жана каражаттар. 6.3. Борбордун ишмердүүлүгүнөн алынган кирешелер, ошондой эле башка булактардан алынган каражаттар Борбордун эсебинде калат жана ушул Жобо менен караштырылган максаттарды жана милдеттерди ишке ашырууга жумшалат. 6.4. Борбордун каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылат: - Борборду күтүүгө жана өнүктүрүүгө; - түзүлгөн келишимдер жана контракттар боюнча аткарылган ишке (тейлөө кызматы) төлөөгө; - Борбордун кызматкерлерине эмгек акы, сыйакы, иштеген жылдарына, кызмат акысына кошумча, материалдык жардам төлөп берүүгө; - жабдууларды, иш техникасын, мүлк-шайман жана материалдарды алууга чыгымдар; - жалдоо жана транспорт каражаттарын күтүү боюнча чыгымдар; - Борбордун ишмердүүлүгү үчүн зарыл болгон, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка сатып алуулар жана тейлөө кызматы; VII. Борборду кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу 7.1. Борбордун ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоюу жана кайрадан өзгөртүп түзүү аркылуу токтотулат. 7.2. Борбордун ишмердүүлүгү токтотулган учурда, Борбордун бардык мүлкү Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматына өтөт. 7.3. Борбордун ишмердүүлүгү каттоо органы тарабынан тийиштүү чечим чыгарылган учурдан тартып токтотулган болуп эсептелинет. 7.4. Борбордун ишмердүүлүгүнүн процессинде түзүлгөн документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сакталат.
- Жорум кошуу үчүн авторизациядан же каттоодон өтүңүз.



