«Улуттук домен наамдары системасынын иштешин уюштуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгын ишке ашыруу тууралуу токтом
2009-жылдын 29 июлунда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Игорь Чудинов «Улуттук домен наамдары системасынын иштешин уюштуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу токтомго кол койду.
2009-жылдын 7-апрелиндеги «Улуттук домендик аталыштардын системасынын иштешин уюштуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматына караштуу «KG» домендик аймагын башкаруу борбору түзүлсүн.
- Жорум кошуу үчүн авторизациядан же каттоодон өтүңүз.
- Уландысы


Кыргызпатент менен «АзияИнфо» «Ниеттенүүлөр жөнүндө протоколго» кол коюшту
Бүгүн 10-июнда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы менен “АзияИнфо” компаниясынын ортосунда “KG” улуттук домендик аймагын башкаруу ишин кайра өкүлдөө жол-жобосу боюнча “Ниеттенүүлөр жөнүндө протоколго” кол коюлду.
Биргелешкен протоколду түзүү, “KG” домендик аймагын башкарууну “АзияИнфо” жеке компаниясынан мамлекеттик органдын компетенциясына өткөрүп берүү процессиндеги кезектеги маанилүү кадам болуп эсептелди.
«Кыргызпатент» жана «Азияинфо» kg жогорку деңгээлдеги домендик аталыштарды башкарууга ыйгарым укуктарды кайра өкүлдөө маселесинде өз-ара толук түшүнүшүүгө жетишти
«Кыргызпатент» жана жеке компания kg жогорку деңгээлдеги домендик аталыштарды башкарууга ыйгарым укуктарды кайра өкүлдөө маселесинде өз-ара толук түшүнүшүүгө жетишти. Бул туурасында бүгүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы кабарлады. «Кыргызпатент», kg жогорку деңгээлдеги домендик аталыштарды (ccTLD kg) башкарууга ыйгарым укуктарды кайра өкүлдөө маселелери боюнча, ведомство менен «Азияинфо» компаниясынын ортосунда толук макулдашууга жетишилгендиги жөнүндө кабарлайт.
Кыргыз Республикасынын президенти К.С.Бакиевдин Жарлыгы менен Кыргызпатентке “KG” улуттук домендик аймагын башкаруу милдети өткөрүлүп берилди
Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы
Улуттук домендик аталыштар системасынын иштешин уюштуруу жөнүндө
Өлкөнүн кодун билдирген «KG» жогорку деңгээлдеги домени улуттук ресурс болуп саналгандыгын эске алып жана улуттук домендик аталыштардын системасынын иштешин уюштуруу максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы «KG» домендик аталышын тескеген орган болуп санала тургандыгы максатка ылайыктуу деп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнvynn белгиленген тартипте:
- Жорум кошуу үчүн авторизациядан же каттоодон өтүңүз.
- Уландысы



